Сокулук: Өзүн «Принц» атап, өспүрүмдү бутун өптүрүүгө мажбурлап, бычак менен денесин кескилген шектүү кармалды

Image descriptionАлгач окуянын видеосу соцтармакта тараган. Сокулук райондук милициясы билдиргендей, 25-июлда жабырлануучунун ата-энеси арыз менен кайрылган. Арыз ээси 24-июль күнү Сокулук айылынын Калинин көчөсүндө жашаган «И» аттуу жигит алардын 16 жаштагы уулуна бычак менен жаракат келтиргенин билдирген. Уулу алган жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылган.

Окуя катталып, «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 19 жаштагы жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.