УКМК Кара-Суу районунун акими ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалганын билдирди

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ынтымак айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш ишинин алкагында, участокторду бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иш аракеттерге Кара-Суу районунун акиминин катыштыгы бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Текшерүнүн жүрүшүндө, аким Темирболот Абыкеев айыл өкмөт башчыларынын бирин коргоп жана жардам көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алгандыгы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМКага суракка чакырылып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Ош шаардык соту аны сыртка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

19-июлда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекет тарабынан Ынтымак айыл өкмөтүнөн муктаж болгондорго жер бөлүнүп берилгени менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал жерлерди сатып жатканын, ага байланыштуу айыл өкмөт башчысы Нурбек Раимов менен жер маселеси боюнча адис Апаз Конкошев кармалганын билдирген. Кийин алар соттун чечими менен сентябрга чейин камакка алынганы белгилүү болгон.