Калаа башчысы «Кабар» агенттигине курган маегинде троллейбустар «эскирип, актуалдуулугун жоготту» деп билдирди.
«Совет мезгилинен бери иштеп келген линияларда профилактикалык иштерди жүргүзгөндөн кийин алар чындап эле сынганын көрдүк. Андыктан, бул нерсеге инвестиция салуунун кандай мааниси бар? Биз бул тарапты да эске алышыбыз керек», — деди ал.
Бишкек мэриясы 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берүүнү жана аларды электроавтобустар менен алмаштырууну пландап жатат. Активисттер бул чечимге каршы чыгып, бул кошумча чыгым экенин жана электроавтобустардын аккумуляторлорун сактоо жана утилизациялоо маселеси көйгөй болорун белгилешүүдө.