Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана маркум ишкер Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекованы эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.
Турсунбекованын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко УКМКнын тергөөчүлөрү кайрылганы маалым болду.
Айдай Турсунбекованын эжеси Бегимай үй камагында. Мурдагы спикердин кыздарына «Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен иш козголгон.
Буга чейин Чыныбай Турсунбековдун балдарына таандык «Капитал Банктын» 100% акциясы Минкабга караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөнү айтылган. Банктын 40% Турсунбековдун уулу Эржанга, 30дан % кыздары Айдай менен Бегимайга таандык болгон.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маркум спикердин кыздары «мыйзамсыз иштер менен алектенген» деп билдирген. Анын айтымында, банк 2010-жылы Максим Бакиевден Турсунбековдорго рейдерлик жол менен өтүп, «Капитал банк» болуп өзгөртүлгөн.
Ташиев банк сатылса, андан түшкөн акча ипотекалык турак жайларды курууга жумшаларын айткан.