ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Элиза Шалбаеванын айтымында, беш иш сотко жөнөтүлүп, бирөө кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган. Алты айда жашы жете электердин катышуусунда мындай учур катталган эмес.
Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта «Адамды никеге турууга мажбурлоо» беренеси боюнча эки иш катталган: бири сотко жөнөтүлүп, экинчиси боюнча өндүрүш токтотулган.
Ал эми «Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренеси боюнча 21 учур катталган. 70% иш сотко жөнөтүлүп, үч иш кылмыштын белгилери жок болгондуктан токтотулган.
Кыздарды жана аялдарды мажбурлап никеге туруу үчүн уурдоо көбүнчө зордуктоо менен аяктайт. Ал эми социалдык кысымга кабылган кыздар ала качып барган жеринде калып, көп учурда кайталанган үй-бүлөлүк зомбулуктарга кабылышат.
Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык, мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдоого 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган, ал эми жашы жете электерди никелик мамилелерге же никеге туруу максатында уурдагандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.