33 жаштагы Жумаев 2009-2017-жылдары Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин тоо-кен металлургия факультетин аяктаган.
Ал буга чейин Каракол шаардык кеңешинин депутаты, Ыссык-Көл Мамлекеттик университетинде жетектөөчү адис, «Жашылдандыруу чарбасы» ишканасынын директору, Каракол шаарынын мэри жана Талас шаарынын мэри болуп иштеген.
31-июлда Нурлан Дарданов Талас облусунун башчылыгы кызматынан бошотулган. Акылбек Жапаров өлкө башчысына Дардановду милдеттерин так аткарбаганы жана ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алууну сунуштаган.