Бүгүн, 5-августта Париж Олимпиадасында кыргызстандык балбандар беттешке чыгат. Мелдештер Бишкек сааты боюнча 19:00до башталат.
Жарым чейрек финалда (1/8) Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмакта Казакстандык Айдос Султангали менен беттешет.
Ал эми Мээрим Жуманазарова экрин күрөш боюнча 68 килограмм салмакта монголиялык Энхсайханы Дэлгэрмаа менен күч сынашат.