Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кырсык 2-август кунү саат 21:00дө Орусиянын Бугра шаарында болгонун маалымдады.
«Субару Форестер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон өтүп бараткан кыргызстандыктарды сүзүп кеткен. Алардын бири каза болуп, экинчиси райондук ооркунага жеткирилген — анын абалы туруктуу.
Министрликтен жол кырсыгы боюнча Всеволожный райондук милициясы кылмыш ишин козгогонун кошумчалашты.
Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугу жабыркагандардын туугандары менен байланышта болуп, аларга керектүү консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
ТИМдин маалыматы боюнча, быйыл алты айда чет өлкөдө каза болгон 262 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алып келинген. Ал эми өткөн жылы чет жактан 580ден ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлгөн.