Спорт департаменти Сейитбек уулунун машыктыруучусу Олимпиадага эмнеге барбай калганын түшүндүрдү

Маданият министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусунун олимпиадага барбай калганын машыктыруучуларга акредитация мушкер Олимпиадага жолдомо алганга чейин берилип бүткөнү менен түшүндүрдү.

Ал фейсбук барагына «мелдешке бир нече мушкер катышып, кимиси жолдомо алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу гана каттоодон өткөнүн» жазды.

«Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Буга байланыштуу бир гана башкы тренерге уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке тренер гана эмес, улук тренер дагы Парижге бара алган жок»,— деди ал.

Ал эми Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев Олимпиадага барбай калганы тууралуу «Азаттыка» комментарий берди.

«Мага Олимпиадага баруу буйрубаптыр. Бир спортчуга бир машыктыруучу дешкенинен, башкы машыктыруучубуз кеткен. Башкы машыктыруучу жалгыз баргандыктан, өзү секундант боло албайт. Жок дегенде эки адам керек. Бири рингге кирип, спортчуга суу берип турса, бири сыртта тиш капты жууп берет. Өзбекстандык машыктыруучу жардам берип, коштоп чыгып жатат. Ага чоң рахмат. Бирок өзүнүн жеке машыктыруучусу ошол жерде турса жакшы болмок да»,— деди ал.

Буга чейин соцтүйүндө кыргыз тарыхында биринчи жолу бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыккан мушкердин жеке машыктыруучусунун Парижге барбай калганы талкуу жараткан. Беганас Султанбаевдин үйдө сыналгы аркылуу шакиртин колдоп, жеңишине кубанып отурган видеосу да тараган.

Олимпиадага 57 килограмм салмакта катышып жаткан Сейитбек уулу 4-августтагы чейрек финалда дүйнө чемпиону (2021), Панамерика оюндарынын чемпиону (2023) АКШылык Жамал Харвини жеңген. Жарым финалдык кармаш 9-августка караган түнү 1:30да башталат. Анда Мунарбек болгариялык Хавьер Ибаньес Диас менен беттешет.