«Старый Толчок» базары мамлекетке өттү

Image descriptionУКМК борбор калаадагы «Старый Толчок» деген ат менен таанымал «Евразия» базары мамлекеттин карамагына алынганын кабарлады.

Маалыматта Айыл чарба министрлигинин карамагындагы 2,2 га жер «Шар-Чебер» кооперативине мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени айтылат.

Иликтөөнүн жыйынтыгында «Евразия» базарынын 1,14 га жери жана жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекетке кайтарылды.

Буга чейин өлкөдө бир канча базар мамлекетке өткөн. Алар — Караколдогу баасы 700 млн сомдон ашык турган базар, Жалал-Абаддагы 412 млн сомго бааланган «Шабдалы-Зар» базары, Өзгөндөгү баасы 500 млн сомго чукул базар ж.б.