Ысык-Көл облустук милициясы майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип 31 жана 36 жаштагы эки тургун кармалганын билдирди.
«Биринчиси Каракол шаарынын тургуну — бүгүн сот тарабынан баш коргоо чарасы каралат. Экинчиси тергөө кызматына алып келинди. Ал азыр сурак берип жатат, ага да мыйзам чегинде баш коргоо чарасы тандалат», — дешти милициядан.
Буга чейин инстаграмдагы black_list.kg барагына 29-июлда майыптыгы бар кызды эки киши уурдап кетип, төрт сутка бою «зордуктап, сабап, сарайда камап, мал кайтарууга мажбурлашканы» тууралуу маалымат жарыяланган.
«Сиңдим экинчи топтогу майып, 20 пайыз угат, сүйлөй албайт. Мээси чайкалган, буту сынган, денесинде бир да соо жери жок», — деп жазылган маалыматта.
Укук коргоочулардын баамында, өлкөдө майыптыгы бар аялдар көбүрөөк зомбулукка кабылат жана сотко сексуалдык зомбулуктун аз гана учурлары келип түшөт.
2023-жылдын ортосунда жарыяланган изилдөөгө ылайык, Кыргызстандагы майыптыгы бар кыздардын 40 пайыздан 68 пайызга чейинкиси 18ге чыга электе сексуалдык зомбулукка кабылган.