Чет өлкөлөрдө камакта отурган 40 кыргызстандык кайтарылып, жаза мөөнөттөрүн мекенинде өтөшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, кийинчерээк башка өлкөлөрдө соттолгон дагы 52 киши Кыргызстанга алып келинет. Өткөн жылы чет мамлекеттердеги абактарда отурган 73 кыргызстандык мекенине кайтарылганы кабарланган.
Июнь айында Юстиция министрлиги жалпысынан чет өлкөлөрдө 1,5 миң кыргызстандык камакта отурганын, алардын көбү Орусияда экенин билдирген.
2023-жылы BBC'нин орус кызматы Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктар «Вагнер» жеке аскердик компаниясына жөнөтүлүп жатканы жөнүндө иликтөө жарыялаган. Ага ылайык, камактагы мигранттар 2022-жылдан тарта «Вагнерге» «ыктыярдуу-мажбурлоо» жолу менен тартылып, Украинадагы согушка жөнөтүлүп турган. 2023-жылы январда жакындары алар согушта каза болгону жөнүндө кабарларды ала башташкан.
Айрым учурларда согушта каза тапкан кыргызстандыктардын жакындары алардын көмүлгөн жерлерин таап, сөөктөрүн мекенине алып келген учурлар да болгон.
BBC'нин маалыматына караганда, 2023-жылы «Вагнер» жеке аскердик түзүмүнүн курамында Украинадагы согушка катышкан 19 кыргызстандык каза болгону аныкталган.