Кыргызстанда жатак абактар жоюлуп, камактагылар пробацияга чыгышы мүмкүн

Image descriptionБул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов билдирди. Анын айтымында, мындай реформа Министрлер кабинети колдосо гана ишке ашат.

«Биз жатак абактар механизми керек эмес деп ойлойбуз. Ал жактагы жарандардын баары пробация системасына которулат», — деди министр.

Ал айыпталуучуну жатак абакта кармоо менен атайын электрондук билериктин жардамы менен үйдөн көзөмөлдөөнүн айырмасы жок деп эсептейт.

Июнь айында Баетов Кыргызстанда пробацияга чыккан адамдар жасаган кылмыштардын пайыздык көрсөткүчү төмөн экенин билдирген. Бул жөнүндө ал Таласта пробацияга чыккан адам инисинин аялын жана эки баласын өлтүргөн окуя боюнча комментарий берип жатып айткан. Анда министр кылмыш шектүүнүн пробациялык мөөнөтү аяктагандан кийин жасалганын белгилеген.