Бүгүн 6-августта Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасынын финалында үч жолку дүйнө чемпиону АКШлык Эмит Элор менен алтын үчүн күч сынашат.
Ал эми Жоламан Шаршенбеков коло үчүн килемге чыгат. Азырынча анын атаандашы аныктала элек.
Жуманазарова алгач монголоялык Дэлгэрмаа Энхсайханы, чейрек финалда жапониялык Одзаки Нонаканы жеңген. Жарым финалда болсо Нигериялык Обордудуну 3:1 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Шаршенбеков алгачы беттешинде казакстандык Айдос Султангалини, чейрек финалда румыниялык Рэзван Арнаутту уткан. Ал эми финал үчүн күрөштө эки жолку дүйнө чемпиону жапониялык Фумита Кэнъитирого 3:4 эсебинде жеңилип берди.