Өлкө башчысы Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинедеги «Кылмыш жасоого шектелип же айыпталып кармалган адамдарды абакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбооруна кол койду.
Жогорку Кеңеш көрүүсү начар кишилерге сот өндүрүшүндө шарт түзүүгө багытталган мыйзамды быйыл 26-июнда кабыл алган.
Мыйзам көзү азиз шектүүлөр жана айыпталуучуларга кылмыш иши боюнча Брайл арибинде же чоңойтулган тамгалар менен жазылган материалдарды, аудио китептерди пайдаланууга жана үн жаздыруу үчүн түзүлүштөрдү алууга укук берген ченемдер менен толукталды.
2020-жылдагы статистикага ылайык, өлкөдө майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашат. Алардын 8 миңден ашыгы — көзү азиздер. Укук коргоочулар өлкөдө алар үчүн шарттар түзүлбөгөнүн айтып келишет.