Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2005-2007-жылдары Нарында губернатордун биринчи орун басары болуп иштеген Исабек Абдыгазиев Ат-Башы районундагы «Чар» токой чарбасына таандык 160,9 гектар жер тилкесин акысыз колдонууга алган. Андан бери аткаминер жерди пайдаланганы үчүн бюджетке эч кандай акча төлөгөн эмес.
Мындан тышкары Абдыгазиев ал жердин максаттуу багытын өзгөртпөй жана уруксат кагаздары жок эле мейманкана, ресторан, мончо өңдүү бир нече имарат куруп, аларды коммерциялык максатта пайдаланып келгени айтылат.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, экс-аткаминер тергөө абагына киргизилди.