Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон Кубанычбек уулу Орусиянын жарандыгын алды

Орусиянын «RT» басылмасы Кыргызстанда чет жердеги согуштук аракеттерге катышканы үчүн соттолуп, кийин бошотулган Аскар Кубанычбек уулу Орусиянын жарандыгын алганын жазды.

Ал басылмага курган маегинде Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, фронтко жөнөөгө даярданып жатканын билдирген. Анын айтымында, жакында Читадагы аскер бөлүгүнө барып, анан фронтко аттанат.

Аскар Кубанычбек уулу — Украиндагы согушка катышканы үчүн соттолгон биринчи кыргызстандык. Ал 2022-жылдын февралында Украинага кол салган орус армиясынын катарында согушканы белгилүү болгон.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал Украинадагы чалгындоо операцияларына катышып, фронтто аскерлерди миномет жана ок-дары менен камсыздаган. Айыпталуучу күнөсүн моюндаган эмес. Ал орус паспортун алуу үчүн аскерге кеткенин, бирок бир да жолу согуштук аракеттерге катышпаганын айткан.

Алгач Кубанычбек уулу 10 жылга соттолсо, кийин жазасы жеңилдетилип, пробациялык көзөмөл менен бошотулган. Апрелдин аягында ал пробациялык көзөмөлдө экенине карабай Орусияга чыгып кеткени кабарланган.