Баткен шаардык мэриясы 6-августта калаанын борбордук стадионунун жанына өрүктүн айкели орнотулганын билдирди.
Айкелди орнотуу идеясын шаардын 1969-жылы туулган тургундары көтөрүшкөн. Эки жыл мурда айтылган сунуш быйыл ишке ашырылып, ага бир миллион сом жумшалды.
Өрүк — Баткендин символу. Облус аймагында 8 миң гектар өрүк багы бар. Андан жылына 100 миң тонна өрүк жыйналса, анын 20 пайызы жергиликтүү ишканаларда кайра иштетилип, 80пайызы чет өлкөгө экспорттолот.