Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-август, саат 21:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Нарын районундагы Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларында сел жүргөнүн кабарлады.
Анын кесепетинен Куланак айылындагы 42 үйдүн короосун, ички чарбалык жолдорду кыян каптап, бир чарбалык көпүрө жабыркаган.
Жерине барган куткаруучулар бир үйдүн ичиндеги, үч үйдүн короо жана жертөлөсүндөгү сууну сордуруп, тазалап беришкен. Ал эми калган үйлөрдүн короосундагы суу жерге сиңип кеткен.
Бүгүн, 7-августта Жарандык Коргонуу кызматы менен куткаруучулар кырсыктын кесепетин тактоо жана тазалоо иштерин улантууда.