ТИМдин өкүлдөрү «Сахароводо» кармалып турган мигранттар менен жолукту

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекеменин өкүлдөрү Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборунда кыйноого кабылганына даттанган мигранттар менен жолукканын билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин өкүлдөрү жолуккан мигранттардын арасында А.У аттуу да жаран болгон. Ал быйыл июлдун башында журналисттерге эки жыл мурда Москва метросунда кармалып, Кыргызстанга депортацияланганын айтып берген Аскар Ускенбаев болушу ыктымал.

Ал Москванын четиндеги «Сахарово» борборунда жарым жылдан бери кармалып турган кыргызстандыктарга жолукканын, аларга зомбулук көрсөткөн жана Украинадагы согушка азгырган учурларга күбө болгонун билдирген.

Июль айында башка мигранттар да «Сахарово» борборун түрмөгө салыштырып, андагы кыйноолорго даттанышкан.
Ускенбаев «Сахароводогу» адам укуктарынын бузулушу боюнча Кыргызстандын элчилигине кайрылганын, бирок дипломатиялык өкүлчүлүк «эч кандай чара көрбөгөнүн» айткан.

«Айылдашым сабалганын угуп элчиликке дагы бир жолу кайрылдым. Мен өзүм да кыйноолорго кабылганымды, элчиликке буга чейин да кайрылганымды, кыйноолор азыр да уланып жатканын айттым. Алар “Андай болушу мүмкүн эмес. Фактылар барбы? Сүрөт, видео барбы?” деп айтышты. Андан бери эки жыл өткөндүктөн, менде далилдер жок болчу», — деген ал.

Министрликтен Ускенбаевде айткандарын далилдеген документтер болбогонун белгилеп, бирок бул маселе боюнча мигранттар менен дагы бир жолу жолугушуу өткөрүүнү убадалашкан.

ТИМ 25-июлда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери «Сахарово» борборундагы мигранттар менен сүйлөшкөнүн, ал жакта учурда 78 кыргызстандык кармалып турганын кабарлаган.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз жарандары тарабынан борбордогу шарттарга даттангандар болгон жок», — деп билдиришкен ТИМден.

«Сахарово» борборундагы кыргызстандыктар кыйноого кабылып, Украинадагы согушка тартылып жатканы жөнүндөгү билдирүүлөр буга чейин да болуп келген. Укук коргоочу Валентина Чупик андагы мигранттарды согушка азгыруу аракеттери болуп жатканын айтса, дагы бир укук коргоочу Александр Ким борбордогу мигранттар кыйноого алынган фактылар көп экенин билдирген.