Жуманазарованын машыктыруучусу: Жаракатын эске алганда, Мээрим жакшы күрөштү

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев Мээрим Жуманазарова Париж Олимпиадасында өжөрлүгү менен финалга чыгып, жакшы күрөшкөнүн билдирди.

«Мээримдин алган жаракатын эске алганда, ал жакшы күрөштү. Өзүнүн өжөрлүгү менен финалга чыкты. Финалда тактикалык ката кетирдик. [...] Эгер жаракатынан улам операция кылганыбызда ал бул жерде күрөшө алмак эмес. Коомдо “Мээрим күрөшө албай калышы мүмкүн” деген пикирлер да айтылган. Бирок ал баарын жасап, финалга чыкты. Бул спорт, өйдө-ылдый нерселер болуп турат. Мээрим колун дарылатуу үчүн Азия оюндарынан кийин мелдештерге катышкан жок. Спортто жеңгендер да, жеңилгендер да болот», — деди Кенжебаев.

Мээрим Жуманазарова — Олимпиада оюндарында эки медаль уткан (Токиодо коло жана Парижде күмүш) алгачкы кыргызстандык спортчу.

Видео: