Адвокат Кайсын Абакиров 7-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөнүн билдирди.
«Анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, кылмыш иши токтотулат деп ишенебиз», — деди Абакиров.
Анын айтымында, Дыйканбаев Бажы кызматынын маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, «товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган» деп айыпталууда.
«Белгилей кетүүчү нерсе, Дыйканбаев 2024-жылдын 17-майынан бери камакта жана бүгүнкү күнгө чейин Дыйканбаевдин катышуусунда бир дагы тергөө иши жүргүзүлгөн эмес, муну кыйноого тетесе болот», — деп билдирди Абакиров.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» Дыйканбаев «Кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренеси боюнча айыпталып жатканын билдиришти.
УКМК Азамат Дыйканбаевди 2021-жылдын майында өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылууга шектеп кармаган. Ошол эле күнү ал санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта эки жума гана иштеген.
2022-жылы февралда жактоочу Дыйканбаев бул иш боюнча акталганын билдирген.