Бүгүн эркин күрөш боюнча Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргыз балбаны чейрек финалда Панамерика чемпионатынын жеңүүчүсү АКШлык Спенсер Ричард Лиге 2:12 эсебинде жеңилди.
АКШ балбаны финалга чыкса, Бекзат 9-август күнү көңүл жубатуучу беттештерге катышат.
Кыргызстандык балбан 57 килограмм салмакта күч сынашууда. Ал алгачкы беттешинде казакстандык Мейрамбек Картбайды утуп, алдыга чыккан болчу.