Бул тууралуу 8-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ал эми тартипти сактабаган айдоочуларга айып салынат.
Чектөө буга чейин салынган жолдорду сактап, бузулушуна жол бербөө максатында 1-июндан 1-сентябрга чейин киргизилди.
«Абанын күндүзгү температурасы 28 даража жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн 20:00гө чейин жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет», — дешти министрликтен.
Ал эми жүргүнчү, гуманитардык жардам, тез бузулуучу азык же кооптуу жүк ташыган, уруксат менен ири көлөмдө жүк тарткан жана жол оңдоп жаткан унааларга тыюу салынбайт.