Бүгүн эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакта Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргызстандык балбан украиналык Ирина Коляденкого 2:9 эсебинде утулуп калды.
Коло медаль үчүн беттештер 11-августта болот. Азырынча Айсулуунун атаандашы аныктала элек.
Кыргызстандык балбан алгачкы беттешинде нигериялык Эсер Колаволени, чейрек финалда АКШлык Кайла Мираклды уткан.