Бүгүн алгач Париж Олимпиадасына эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Ванхао Жу менен күч сынашат.
Андан соң балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча 62 килограмм салмакта алгачкы беттешин өткөрөт. Ал Африка оюндарынын чемпиону нигериялык Эсер Колаволе менен күрөшөт.
Тыныбековага катарлаш башка килемде эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта Айаал Лазарев Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жана Азиянын чемпиону ирандык Амир Хоссейн Аббас Заре менен күч сынашат.
Беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча 15:00дө башталат.