Бүгүн кыргыз балбаны Париж Олимпиадасынын эркин күрөш боюнча көңүл жубатуучу беттешинде кытайлык Ванхао Жуну 7:4 эсебинде жеңди.
57 килограмм салмакта күч сынашып жаткан Бекзат коло медаль үчүн Токио Олимпиадасынын катышуучусу өзбекстандык Гуломжан Абдуллаев менен беттешет.
Бекзат Олимпиададагы алгачкы беттешинде Азия чемпионатынын жеңүүчүсү казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, чейрек финалда Панамерика чемпионатынын жеңүүчүсү АКШлык Спенсер Ричард Лиге утулган.
24 жаштагы Бекзат Алмаз уулу быйыл алгачкы жолу Олимп оюндарына катышып жатат. Ал 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында күмүш, Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңген.