УКМК Эркин Мамбеталиевдин кармалганы боюнча үн катты

УКМК Мамбеталиев кримтөбөл Рысбек Акматбаев жана Камчы Көлбаев менен байланышта болуп, алардын колдоосу менен жеке маселелерин чечкенин билдирди.

«Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү батир, жер тилкелерди, коммерциялык объектилерди, кымбат баалуу унааларды жакын туугандарына каттаган жана алардын көпчүлүгүнүн эч кандай уруксат кагазы болгон эмес», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Бул боюнча «Уюшкан топко катышуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМК тинтүү учурунда ок атуучу куралдар табылып, 4 млн доллардан ашык мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрү аныкталганын кошумчалады. Тергөө уланууда.

Эркин Мамбеталиевди кармоо учуру
Видео: УКМК