Олимпиада: Аайал Лазарев коло медаль үчүн күрөшөт

Image descriptionБүгүн Париж Олипиадасына эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышып жаткан кыргыз балбаны көңүл жубатуучу беттештте канадалык Амарвира Десини 5:0 эсебинде утуп, коло медалга күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Коло медаль үчүн беттештер бүгүн саат 22:15те башталат. Анда кыргызстандык балбан 2016-жылдагы Олимпиада чемпиону, Дүйнөнүн үч жолку, Европанын 11 жолку чемпиону түркиялык Таха Акгюль менен беттешет.

Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, 38 жаштагы Айаал Лазеров — Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси. Ушуну менен ал үчүнчү ирет Олимп оюндарына катышып жатат. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан.