Олимпиадага эркин күрөш боюнча 76 килограмм салмакта катышып жаткан кыргыз балбаны жарым финалда АКШлык Кеннеди Алексис Блейдсге 8:6 эсебине жеңилип калды.
Айпери 11-августта коло медаль үчүн күрөшөт.
Медет кызы алгачкы беттешинде кытайлык Ван Цзюанды, чейрек финалда индиялык Ритиканы уткан.