Олимпиада: Аайал Лазарев коло медаль үчүн беттеште утулуп калды

Image descriptionОлимпиадага эркин күрөш боюнча 125 килограмм салмакта катышып жаткан кыргыз балбаны коло үчүн беттеште Дүйнөнүн үч жолку, Европанын 11 жолку чемпиону түркиялык Таха Акгюлго 0:7 эсебинде жеңилип калды.

Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, 38 жаштагы Айаал Лазеров — Азия чемпиону, Дүйнө кубогунун ээси. Бул анын үчүнчү Олимпиадасы. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо, 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиадага катышкан.