⚡️Олимпиада: Сардана Трофимова марафондо 14-болуп келди

Image descriptionКыргызстандык жөө күлүк 42 чакырым 195 метрди 2 саат 26 мүнөт 47 секундда басып өттү. Ал 91 спортчунун ичинен 14-орунду ээлеп, Кыргызстандын рекордун жаңылады.

Трофимова — эл аралык деңгээлдеги спорт чебери. Марафон боюнча Орусиянын 5 жолку чемпиону. 2022-жылдан бери мелдештерге Кыргызстандын атынан катышып келет.

2023-жылы Белградда өткөн марафондо экинчи орунду ээлеген. Ошол эле жылы кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль уткан.