Акыйкатчы Ысык-Көлдө зордукталды делген майыптыгы бар кызга кечиктирилгис жардам көрсөтүүгө чыкырды

Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева өзгөчөлүгү бар адамдардын кордолушу өтө кейиштүү экенин белгилеп, муну орчундуу көйгөй деп атады.

«Мындай жарандар мамлекеттик деңгээлде өзгөчө коргоого муктаж. Тилекке каршы, майыптыгы бар кыздарыбыздын кордолушу мени өтө тынчсыздандырат. Мамлекеттик жана укук коргоо органдары өзгөчөлүгү бар жарандарга кордук көрсөткөндөргө катаал чараларды көрүшү керек. Биз баарыбыз биргеликте өзгөчөлүгү бар жарандарыбызга коопсуз шарт түзүп, жетиштүү деңгээлде колдоого алышыбыз зарыл»,— деди акыйкатчы.

Акыйкатчы институту кыздын абалы тууралуу маалымат түшөр замат тийиштүү чаралар көрүлгөнүн билдирди. Жабырлануучунун апасына укуктук жана юридикалык жардам көрсөтүлүп, акысыз жактоочу бөлүп берилген. Кызга тажрыйбалуу психолог көмөктөшүүдө.

Ал эми кыздын ата-энеси милиция шектүүлөрдү карамабай жатканына нааразы болушууда. Алардын айтымында, шектүүлөрдүн бири эркиндикте жүрөт.

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кыздын зордукталганы тууралуу 5-августа белгилүү болгон. Милиция анда кылмышка шектелип эки тургун кармалганын билдирген.