Кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен экс-депутат Салайдин Айдаров кармалып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен 4-сентябрга чейин тергөө абагына киргизилди.
Буга чейин ушул эле берене менен ишкер Жалил Атамбаев да кармалган.
2018-жылы соцтүйүндөргө Атамбаев менен экс-депутат Нургазы Айдаров (Салайдин Айдаровдун агасы) кылмыш дүйнөсүндө «Салимбай байбача» деген ат менен белгилүү өзбек ишкери Салимбай Абувалиевди мактап жатканы тартылган видео жарыяланган.
Кийинчерээк интернетке Абдувалиевдин Салайдин Айдаров, дагы бир экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу жана «Аю» компаниясынын башчысы Шаршенбек Абдыкеримов менен түшкөн сүрөтү чыккан.
Анда Айдаров «Азаттык» радиосуна Абдувалиев менен спорт маселеси боюнча жолукканын ырастап, анын криминалга тиешеси жок экенин айткан.
Кийин Дамирбек Асылбек уулу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Казакстанда 10 жылга соттолуп, Кыргызстанга экстрадиция болгондон кийин эркиндикке чыккан.
Шаршенбек Абдыкеримов соттун чечими менен сыртынан соттолуп, анын эки заводу мамлекетке өткөн.
Өткөн аптада УКМК Өзбекстанда «Мыйзамсыз курал сатуу» беренеси боюнча алты жылга соттолгон Салимбай Абдувалиевге издөө жарыялаган. Буга чейин президент Садыр Жапаров экс-депутат Эмил Жамгырчиев Абдувалиевге кайрылып, «эки досту» жок кылууну өтүнгөнүн билдирген.