Чүй облусунун Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнөн үч жыл өткөндөн кийин мекеменин директору Аскар Масыловго козголгон кылмыш иши токтотулду. Буга кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгону кабарланды.
Масылов шалаакылыкка айыпталып, буга чейин анын иши бир нече жолу токтотулган.
12 жаштагы Игорь Якунин Балдар үйүнүн башка тарбиялануучусу тарабынан сабалгандан кийин каза болгон. «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган өспүрүм алгач жалпы режимдеги абакка үч жылга соттолуп, кийин жазасы пробациялык көзөмөлгө өзгөртүлгөн.
Якуниндин өлүмү боюнча ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган. Маркум баланын агасы Бондан Якунин Балдар үйүнүн директору ишти токтотууга аракет кылып жатканын айтып, прокуратура эч кандай чара көрбөй жатканына даттанган.