Ишкер Жалил Атамбаев камакка алынды

Image descriptionМурдагы милиция кызматкери жана ишкер Жалил Атамбаев УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу бир катар ЖМК өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Атамбаев уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелүүдө. Соттун чечими менен ал 4-сентябрга чейин ТИЗО-1ге камалды.

Атамбаев укук коргоо органдарында иштеп жүргөндө мыйзамсыз байыган деген шек менен 2021-жылы кармалып, 100 миллион сомдук «зыяндын ордун толтургандан кийин» кайра коё берилген.

Жалил Атамбаев — Оштогу чоң ишкер. 2019-жылы иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков анын көмүскө бизнеси жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Каржы полициясы Атамбаевге каршы «Салыктан качуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийин ишкер журналистти сотко берип, бирок көп өтпөй коомчулуктагы чуудан улам арызын кайтарып алган.