Кара-Суунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан алынды

Ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шектелип жаткан Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев кызматтан алынып, ордуна Канат Табалдиев дайындалды. Бул тууралуу 12-августта президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

УКМК 26-июлда Абыкеевди ири өлчөмдө мыйзамсыз акча алууга шектеп кармаган. Атайын кызматка Ынтымак айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш ишине Абыкеевдин катышы бар экени тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүнүн жүрүшүндө, аким айыл өкмөт башчыларынын бирин коргоп жана жардам көрсөткөнү үчүн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алганы аныкталганын кошумчалашкан.

24-июлда Ош шаардык соту Темирболот Абыкеевди башка жакка кетпөө тил каты менен бошоткон.

19-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мамлекет тарабынан Ынтымак айыл өкмөтүнөн муктаж болгондорго жер бөлүнүп берилгени менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал жерлерди сатып жатканын, ага байланыштуу айыл өкмөт башчысы Нурбек Раимов менен жер маселеси боюнча адис Апаз Конкошев кармалганын билдирген. Кийин алар соттун чечими менен сентябрга чейин камакка алынганы белгилүү болгон.