Олимпиада: Өзбек машыктыруучусунун жүрөгү кармап, эс-учун жоготкон

Image descriptionОлимпиада оюндарында алтын медаль уткан өзбек мушкери Хасанбой Дусматовдун жеңишин майрамдоо учурунда кураманын башкы машыктыруучусу Тулкин Киличевдин жүрөгү кармап, кыска убакытка эс-учун жоготкон. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Киличевге «Ролан-Гарос» стадионунун машыгуу аянтында жүргөн Улуу Британиянын бокс боюнча дарыгери Харж Сингх менен физиотерапевт Робби Лиллис алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Лиллистин айтымында, эс-учун жоготуп койгон өзбек машыктыруучусу 20-30 секунддан кийин эсине келип, ооруканага жеткирилген. Өзбекстандын машыктыруучулар штабынан Киличев өзүн жакшы сезип калганын билдиришти.