«Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, Самат Азаров 23-июлда эле кармалып, соттун чечими менен 4-сентябрга чейин тергөө абагына камакка алынган.
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Симирам» пансионатынын ээси, казак ишкери Ясынжан Таировго издөө жарыялаганы белгилүү болгон.
Таиров маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган деп шектелүүдө.