11-августта Парижде жайкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандын атынан спорттун беш түрү боюнча 16 спортчу катышып, алты медаль жеңди.
Күмүш байгени балбан Мээрим Жуманазарова менен мушкер Мунарбек Сейитбек уулу алса, балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбеков коло медалга ээ болушту.
Бул Кыргызстан үчүн өлкө тарыхындагы эң ийгиликтүү Олимпиада болуп калды. Медалдардын саны боюнча кыргыз спортчуларынын буга чейинки рекорду Бээжинде жана Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында катталган. Анда спортчулар үчтөн медаль жеңген.
Спортчулардын бул жолку байгелерин кошкондо эгемен Кыргызстандын тарыхындагы олимпиадалык медалдардын жалпы саны 13кө жетти – беш күмүш жана сегиз коло.
Кыргызстан Париж Олимпиадасында медаль алган өлкөлөрдүн тизмесинде 68-орунга жайгашты.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен медалдардын саны боюнча Өзбекстан алдыда (13-орун). Бул өлкөнүн спортчулары 13 медаль утса, алардын сегизи алтын болду. Казакстан курамасы жети (1 алтын, үч күмүш жана үч коло), Тажикстан үч (үчөө тең коло) медаль алды. Түркмөн спортчулары бул Олимпиадада медалга жете алган жок.