Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Таиров кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылаган деп шектелүүдө.
«“Самирам” эс алуу борборунун ээси (Таиров) Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгү жөнүндө билип туруп, андан колдоо издеп, Кыргызстандын аймагында биргелешкен бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аны менен байланыш түзгөн. Ал Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн каржылоо максатында ага 200 миң доллар бергени аныкталды. Ошондой эле Таиров кылмыштуу топтун өкүлдөрүнүн эс алуусу үчүн аларга туруктуу түрдө коттедждерди, Көлбаевдин өзүнө кымбат баалуу белектерди берип турган», – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Сот топтолгон материалдардын негизинде казак ишкерин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Ошондой эле Таировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн ага «Интерполдун» линиясы боюнча издөө жарыяланды.