Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-августта Ысык-Көл районундагы сел жүргөнүн билдирди.
16 үйдү суу каптады. Анын төртөө Чолпон-Ата шаарында, тогузу Бактуу-Долоноту, үчөө Бостери, бирөө Булан-Соготу айылдарында жайгашкан. Ошондой эле Бостеридеги «Кооператив строитель дачасына барчу ички чарбалык жолду суу каптап, көпүрөнү агызып кеткен.
Кырсыктын кесепетин жоюуга 60ка жакын куткаруучу, 20 аскер кызматкери жана 30 жарандык коргонуу кызматкери тартылды. Жеринде тазалоо иштери жүрүүдө.