Бишкектин Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» сот 5-августта УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, журналистти 4-октябрга чейин камакта калтырганын билдиришти.
Адыл Акжол уулу «массалык баш аламандыкка чакырууга» шектелүүдө. Азырынча анын кайсы иш боюнча кармалганы белгисиз. УКМК журналисттин кармалышы боюнча комментарий бере элек.
«Азаттыктын» маалыматына ылайык, 33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин ЭлТР мамлекеттик телеканалынын башкы директорунун орун басары, ушул жылдын июнь айынан март айына чейин УТРКда башкы директордун орун басары болуп эмгектенген.
Акыркы убакта журналист ар кандай темадагы видеолорду жарыялап, өзүнүн YouTube каналын өнүктүрүү менен алектенген. Анын каналында 792 миңден ашык катталуучу бар.