Баткен: 26 млн сомго жаңы мал базар курулду

Image descriptionБаткен облустук адмнистрациясынан Раззаков шаарында жаңы муниципалдык мал базардын курулушу аяктап, жакында пайдаланууга берилерин кабарлашты.

Мал базар 26 млн сомго курулган. Анын 15 млну Баткен облусун өнүктүрүүгө берилген каражаттан, 6 млн 700 миңи Лейлек райондук өнүктүрүү фондунан, 3 млн 654 миңи жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Учурда базардын бастырмалары курулуп, жерге асфальт төшөлүп, чарбалык имараттар салынып, таза суу жана жарык киргизилип жатат.

«Муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн мэриядан 6 гектар жер бөлүнгөн. Алдыда ал аймакка унаа, чөп, дыйкан базарларын жана унаа токтоочу жай куруу пландалган», — дешти мекемеден.