Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, Болгариянын Бургас портунда Кыргызстандан барган жүк унаасынан 436 килограмм героин табылган. Ал унаанын кабель төшөлө турган темир конструкциясынын ичине жашырылган. Аны алып чыгаруу үчүн конструкциянын бир бөлүгүн кесүүгө туура келген.
Табылган маңзат дээрлик 38 миллион долларга бааланууда. Жүк алгач Кыргызстандан Грузияга, андан соң Болгариянын Бургас портуна барган. Каттам боюнча унаа андан ары Грекияга кетиши керек болчу.
Айрым болгар ЖМКсы жүктүн казакстандык каттоосу болгонун кабарлап жатышат.
Азырынча маңзат унаага кайсыл жерде салынганы так белгисиз.
Болгариянын Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Иван Соколовдун айтымында, жүк унаасы портто узак убакыт туруп калгандыктан, укук коргоо органдарынын көңүлүн бурган. Аны рентген менен текшерүү учурунда жашырылган героин табылган.
«Азырынча эч ким кармалган жок. Мамлекеттер аралык бул кылмышка тиешеси бар бир да адам табыла элек», – деди жергиликтүү прокурор Георгий Чинев.