Кайдыгер болбогула. Прокуратура элден үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалымат берүүнү өтүндү

Көзөмөл орган соцтүйүндөгү барагына үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасында социалдык ролик жарыялады. Анда жубайлар кыйкырып, талашып-тартышып жатканда, коңшулары кийлигишпөөнү туура көрүшөт.

«Үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары көбөйүп жатканына байланыштуу прокуратура жарандардын сергек болуусун жана үй-бүлөдөгү зомбулуктун күбөсү болгон ар бир учур тууралуу укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнөт», — дешти Башкы прокуратурадан.

Буга чейин ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулук учурлары көбөйгөнүн билдирген. Алардын маалыматына ылайык, 2024-жылдын төрт айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 4767 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 учурга көп.