Атайын кызмат ишкер Жалил Атамбаев менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Салайдин Айдаров «Кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо» жана «Кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо» беренелери боюнча козголгон иштердин алкагында кармалганын ырастады.
УКМКнын маалыматына ылайык, Жалил Атамбаев укук коргоо органдарында иштеп, ИИМде жогорку кызматтарды аркалап турган кезде «ири өлчөмдөгү каражатка мыйзамсыз ээ болгон». Кызматтан кеткенден кийин ал каражатка курулуш бизнесин түптөгөн.
«Бизнесин баштоо үчүн салган алгачкы капиталын мыйзамсыз жолдор менен алынган каражаттар түзгөн. Муну анын мамлекеттик кызматкер кезинде мыйзамсыз байыганы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганы ырастап турат», – деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.
Мекеменин маалыматына караганда, Атамбаев бизнес-империясын кеңейтүүнү көздөп, кылмыш дүйнөсүндө «Салимбай байбача» деген ат менен белгилүү өзбек ишкери Салимбай Абувалиев менен жакын мамиле түзгөн.
Абдувалиев өз мекенинде «мыйзамсыз курал сатуу» айыбы менен соттолуп, Кыргызстан УКМКсы ага издөө жарыялаган.
«Абдувалиев Атамбаевге колдоо көрсөтүп, аны калкалап, бизнес жүргүзүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берип турган. Бул кызматы үчүн ал кыргыз ишкеринен ири өлчөмдө акча алып келген. Мындан тышкары бул иш боюнча экинчи айыпталуучу Салайдин Айдаров Абдувалиевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланышы бар экенин билип туруп, Өзбекстанда жүргөн кезинде Абдувалиевге ар тараптан сый-урмат көрсөткөн. Өз кезегинде ал Айдаровдун Өзбекстандагы бизнес ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп келген», – деп жазылган билдирүүдө.
Атайын кызматтан мамлекеттер аралык уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланып жатканын кошумчалашты.