Курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн чыккан өрткө байланыштуу «Аалам Строй» компаниясынын лицензиясы 90 күнгө токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, мындай чечим курулуш компаниясы адам өмүрүнө, саламаттыгына, айлана-чөйрөгө, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирүүнүн алдын ала турган лицензиялык талаптарды бузганы үчүн кабыл алынган.
12-август күнү кечинде Бишкектин Анкара жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан 12 кабаттуу үйдө өрт чыгып, 850 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттөн эч ким жаракат алган эмес. Учурда анын келип чыгуу себептери такталууда.