Спортчулардын машыктыруучулары бар болгондуктан, аларга психологдор менен диетологдорду тартуунун зарылчылыгы жок. Бул тууралуу Спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
«Ар бир машыктыруучу өз спортчуларын ичинен билет. Мисалы, диетолог келип бир эле программаны түзөт. Спортчулар айлап машыгып, мелдештерге катышат. Аларды ошол эле психологдор менен диетологдор дайыма коштоп жүрө алышпайт. Программа түзүп бериши мүмкүн, бирок ар кандай учурлар болот. Машыктыруучулар балбандар үчүн машыгуу жыйындарынын, жолугушуулардын бир жылдык планын түзүшөт. Балбандарды кийинки Олимпиадага даярдоо үчүн төрт жылдын ичинде бул программалар өзгөрүп турат. Башкы машыктыруучулар ошол программалардын негизинде ишке киришет. Психологдор менен диетологдорду тартууга зарылчылык жок», — деди Абдымомунов.
Ошол эле маалда мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага машыктыруучусуз барса, суучул Денис Петрашев тамак-аш жагынан көйгөйлөр болгонун айткан. Балбан Үзүр Жусупбеков Кыргызстандын олимпиадалык курамасында психологдор менен диетологдор жок экенин айтып, тамак-аштан кыйналганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров кыргыз спортчуларынын тамак-ашы жөнүндө айтылган сындар боюнча комментарий берип, «жакшы кетип бараткан иштерди бурмалай бериштин кереги жок экенин» белгилеген.
«Эгер уюштуруучулардын (Париждин) тамагы жакпаса, спортчулар ар бири өздөрү үчүн кам көрүп алса деле болмок. Олимпиадага кетээр алдында 15-20 күн мурда ар биринин колуна тамак-аш, витамин, кийим-кечек керек болсо сатып алгыла деп 5 миң доллардан бергенбиз», – деген президент.
Ошол эле маалда ал уюштуруу жагынан Олимпиадалык комитетте кемчиликтер болгонун ырастап, диетолог менен психолог жагын карап коюшса болмок деп белгилеген.