ТИМ: Курск облусунда кыргыз жарандарынын жабыркаганы жөнүндө маалымат түшкөн жок

Украинанын куралдуу күчтөрү кирип барган Орусиянын Курск облусундагы кыргыз жарандары коопсуздук үчүн башка аймактарга кетип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Мекемеден Кыргызстандын элчилиги Курск облусунда окуп жана иштеп жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта экенин билдиришти. Орусия ИИМинин маалыматына ылайык, өлкөнүн бул аймагында Кыргызстандын 199 жараны каттоого турган.

«Кыргызстандык студенттердин айтымында, жай мезгилинде алардын көбү аталган аймактан чыгып кетишкен. Ошондой эле коопсуздук максатында кыргыз жарандарынын бир бөлүгү Курс облусунан өлкөнүн башка аймактарына кетүүдө», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мекемеден Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине Курск облусунда кыргыз жарандары жабыркаганы жөнүндө маалымат түшпөгөнүн кошумчалашты.

Украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирген. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнун куралдуу күчтөрү Курс облусундагы 74 калктуу конушту өз көзөмөлүнө алганын билдирген. Күн мурун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Орусия аймагынын 1 миң чарчы чакырымы украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин айткан.